БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Ала-Бука районунун Падек айылындагы Т.Жоробаев атындагы мектептин имараты сапатсыз курулганына байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, имаратты курууда жана кабыл алууда тиешелүү көзөмөл жүргүзүлбөй, натыйжада 59 миллион 320 миң сомдук курулуш сапатсыз болгону аныкталган.
"Пайдубалынын ичине кум-шагыл төгүлбөй, топурак менен толтурулган. Мындан улам кээ бир бөлмөлөрдүн полу 20-40 сантиметрге чейин чөгүп, дубалдар жарылган. Анын кесепетинен окуучуларды кабыл алууга жараксыз болуп жабылган", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча эки берене менен кылмыш иши козголуп, тергелип жатканы кошумчаланды.