Кыштын кириши менен кар жаап, күн сууктайт

Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Ишембиден тартып өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти
Маалыматка ылайык, 30-ноябрдан 2-декабрга чейин кар жаап, айрым жерлерде туман түшөт.
"Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 17-22 метрге чейин жетет", — деп жазылган маалыматта.
Тоолуу аймактарда күрткү пайда болору кошумчаланды.
Пресс-борбор
ӨКМ: быйыл Кыргызстан өзгөчө кырдаалдардан 1,3 млрд. сомдук чыгым тартты