Израиль менен Ливандын элдешүү келишими күчүнө кирди

Израилде ок атылары же дрондордун кириши тууралуу сиреналардын жаңырбай калганына төрт сааттан ашты. Ливандан да ЦАХАЛдын чабуулдары тууралуу маалымат түшө элек.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Израиль менен Ливандын ортосундагы ок атууну токтотуу режими шаршембинин таңынан тарта күчүнө кирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматта аталган чечим Израилдин аскердик-саясий кабинети тарабынан шейшемби күнү кечинде бир добуштан колдоого алынганы айтылат.
Израилде ок атылары же дрондордун кириши тууралуу сиреналардын жаңырбай калганына төрт сааттан ашты. Ливандан да ЦАХАЛдын чабуулдары тууралуу маалымат түшө элек.
Келишим күчүнө кирер алдында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге кайрылып, мындай кадамдын себебин түшүндүрүп берген. Анын айтымында, эгер элдешүүнүн шарты "Хезболла" тарабынан бузула турган болсо, Израиль дароо жооп кайтарат.
АКШ сунуштаган элдешүүнүн планына ылайык, эми Ливан 60 күндүн ичинде түштүктөгү аймактарын ээлеп, "Хезболланын" инфраструктурасы Литань дарыясынан түндүктү көздөй жылышы керек. Ал эми Израиль бул убакыт аралыгында коңшу өлкөнүн аймагынан куралдуу күчтөрүн толугу менен чыгарып кетиши зарыл.
Макулдашууда анын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн АКШ башында турган эл аралык комитет түзүү каралган. Вашингтон Тель-Авивге Ливан тараптан кооптуулук жаралган учурда израилдик аскерлерди колдоо жана "Хезболланын" Ливандын түштүгүнө кайтуу аракетине бөгөт коюу боюнча кепилдик берүүгө макул болгон.
Кремль: Газа оор гуманитардык кризиске батты, Ливанда да абал татаал