БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу үчүн электрондук билерик колдонулат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Эми зомбулук жасаган адамдарга убактылуу коргоо ордерин аткарууну камсыз кылуу максатында электрондук билерик колдонулат. Бул чаралар жабырлануучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн иштелип чыкканы белгиленди.
Электрондук билерик соттун чечими менен үч айга тагылып, пробация органы тарабынан көзөмөлдөнөт. Ал эми электрондук байкоо жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары министрлер кабинети тарабынан аныкталат.
Сот белгиленген үч айга төмөнкүдөй тыюу салууларды жана чектөөлөрдү белгилей алат:
жабырлануучу менен түз жана кыйыр байланышка тыюу салат;
жашы жете элек балдар менен байланышууда ата-эненин укуктарын чектейт.
Эгерде адам зомбулукту улантып же электрондук билерикти тагынуудан баш тартса жана убактылуу ордердин шарттарын бузса 40 саатка коомдук иштерге кесилет же 3-7 суткага чейин камакка алынат.