Дыйкандарга жакшы шарт түзүлгөндүктөн быйыл башка жылдарга караганда түшүм мол болду. Бул тууралуу Туратбек Идрисов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан 724 миң тонна буудай жыйналды.
"Быйыл дан өсүмдүктөрү былтыркыга салыштырмалуу алда канча мол түшүм берди. Буудай жалпы 240 миң гектар жерден жыйналды. Түшүмдүүлүгү бир гектардан орточо 29-30 центнерден айланып, былтыркыдан 4-5 центнерге көп болду. Арпа 24-25 центнерден айланып, былтыркыдан 3-4 центнерге мол алынды. Ал эми чанактуу дан өсүмдүктөрү бир гектардан 15-16 центнерден айланып, көрсөткүчтөр өткөн жылдан 8 пайызга жакшырган. Жүгөрү гектарынан болжолдуу 70 центнер түшүм берип, мурдагы жылдардан бир-эки центнерге көбүрөөк болду. Түшүмдүн мол болушуна бир нече себеп бар. Сапаттуу үрөн, дыйкандардын маданияты өнүккөнүн, техника көп колдонула баштаганын айтсак болот. Ошондой эле арзан жана сапаттуу жер семирткичтерди да белгилей кетейин. Буудайга токтолсом, өлкөнүн ички керектөөсү 800 миң тонна. Биз быйыл 724 миң тонна жыйнадык. Бирок анын ичинен 150-200 миң тонна үрөн катары колдонулат. Ушуларды эске алганда биздин муктаждык 350-400 миң тоннаны түзөт, ушул көлөм сырттан алып келинет", — деди Идрисов.
Ошондой эле ал жетпеген буудай ЕАЭБ өлкөлөрүнөн атайын келишимдердин негизинде арзандатылган баада алынарын кошумчалады.