28-ноябрга карата аба ырайы

28-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. 28-ноябрь, бейшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +18...+23, Талас аймагында +16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13...+18, Ысык-Көл дубанында +4...+9, Нарын өрөөнүндө +0...+5 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +18…+20, Ош шаарында +16...+18 градуска көтөрүлөт.
Кыштын кириши менен кар жаап, күн сууктайт