Ажылык сапарга чыгуу ар бир мусулмандын милдети деп айтылат. Албетте, шарты болсо эмнеге болбосун. Бирок учурда замандын өзгөрүшү менен зыяратчылык касиети жоголуп, көбүрөөк туризмге ыктап баратат. ал тургай "кичи ажылык" деген термин пайда болуп, ага ат тезегин кургатпай тез-тез каттап тургандар да жок эмес. Мына ушул сыяктуу көрүнүштөр зыяратка жатабы? Ажыга сапар алган адам өзүн кантип алып жүрүшү керек? Максатын эмне болушу шарт? Аны шаан-шөкөттүү тосуп алуу милдетпи?
Ушул жана башка суроолордун айланасында бүгүнкү "Кеменгер" программасында Акимжан Эргешов менен маектештик.