Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Кыргызстан 2024-жылы өзгөчө кырдаалдардан 1 миллиард 340 миллион сомдук зыян тартты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, быйыл республикада 130 ири өзгөчө кырдаал катталып, андан 67 адам көз жумган."Мындан тышкары, 2,5 миңге чукул ар кандай өрт, жол кырсыктары, суудагы каргашалар катталган. Натыйжада 251 киши каза болгон. 335 ирет сел жүрүп, 22 кишиден ажырадык. Көбү кичинекей балдар менен өспүрүмдөр. Материалдык зыян 1 миллиард 250 миллион сомду түздү", — деди Мамбетов. Ал акыркы жылдары сатып алынып жаткан техника кырсыктарды азайтууга чоң салым болуп жатканын белгилеп, көбүрөөк суу баткан өрт өчүрүүчү автоунаалар менен өрттү мурункудан тез өчүрүүгө шарт түзүлгөнүн мисал келтирди.
Бишкектеги "Ленинград блокадасы" мемориалдык комплексине гүл коюу аземи болду. Бул тууралуу Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунан билдиришти. Иш-чарага Санкт-Петербургдан өкмөттүк делегациянын өкүлдөрү катышты. Эске салсак, Кыргызстанга Россиянын түндүк борборунан делегация келген. Алар Бишкектен Ошко жөнөп кетишет. Сапар Санкт-Петербург менен Кыргызстандын өкмөтү, Оштун ортосундагы өнөктөштүктүн 20 жылдыгына карата уюштурулууда.
Ишембиден тартып өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти Маалыматка ылайык, 30-ноябрдан 2-декабрга чейин кар жаап, айрым жерлерде туман түшөт. "Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 17-22 метрге чейин жетет", — деп жазылган маалыматта. Тоолуу аймактарда күрткү пайда болору кошумчаланды.
АКШнын Украинага жөө аскерлерге каршы мина берүү менен бул маселедеги 30 жыл бою өкүм сүрүп келген саясатынан оолактап кетти. Бул тууралуу Оттава конвенциясынын катчылыгы тараткан билдирүүдө айтылганын РИА Новости жазды. Буга чейин Пентагондун башчысы Ллойд Остин АКШ Украинага жөө аскерлерге каршы мина бере баштаганын айтып, мындай кадам жөө аскерлер бөлүгүн көбүрөөк пайдалана баштаган Россиянын тактикасына жооп катары жасалып жатканын билдирген. Украина 2005-жылы жөө аскерлерге каршы колдонулуучу миналарды чыгарууга, топтоого жана пайдаланууга тыюу салган Оттава конвенциясын ратификациялаган болчу. "Конвенция күчүнө кирген 25 жылдан бери бул тарыхый келишимге мынчалык олуттуу кооптуулук жаралган эмес. Аталган документке тиешеси жок АКШнын Украинага жөө аскерлерге каршы колдонулуучу миналарды бериши Вашингтондун 30 жылдан берки "жөө аскерлерге колдонулуучу минага" каршы жүргүзгөн саясатынан четтеп кеткенин билдирет", — деп айтылат катчылыктын документинде. БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссардык башкармалыгынын расмий өкүлү Элизабет Троссел Оттава конвенциясына кол койгон өлкөлөр минанын бул түрүн кандай кырдаал болсо да колдоно албай турганын белгилеген. Анын айтымында, БУУнун аталган башкармалыгы миналар жай жарандар үчүн кооптуу болгондуктан пайдаланылбашы керек деген позицияда.