Эмнеге автобекеттер шаардан сыртка чыгарылды? – Жаңы автобекеттерде калкка кандай шартар каралган?

Sputnik
Бишкек шаарындагы Батыш автобекети октябрь айында жабылып, бардык каттамдар шаардын четине чыгарылды. Нарын жана Ысык-Көл облусуна бара турган каттамдар жаңы курулган "Бишкек автобекетине" жайгашса, Жалал-Абад, Талас, Ош, Баткен батындагы каттамдар борбор калаанын батыш жагындагы унаа базар менен жаңы ат майдандын жанына жайгашты. Айрымдар шарт жок десе, дагы бирлери шашылыш көчүрүлдү деген пикирлерин айтышууда. Өзгөрүүлөр жана алар менен кошо суроолор дагы көп.
“Спутниктен сүйлөйбүз” программасынын алкагында автобекеттердин шаардан сыртка чыгарылуусу жана түзүлгөн шарттар тууралуу кеп кылдык. Биздин суроолорубузга “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынын директору Иса Усубалиев жана “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Эмин Бекмуратов жооп берди.