Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майдын запасы 1,5-2 айга жетет. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда мунай продуктулары өлкөгө үзгүлтүксүз ташылып, рынокто абал туруктуу. "Ал эми республикадагы май куюучу жайлардагы баанын өсүшү Россиядагы мунай продуктуларын өндүргөн заводдордогу баанын жогорулашына байланыштуу. Кыргызстандын күйүүчү майга бир жылдык керектөөсү 1,4 миллион тоннаны, суткасына 3,3 тоннаны түзөт. Өлкөдө мунай продуктуларын үч завод өндүрөт, бирок негизги бөлүгү Россиядан алып келинет", — деп жазылат маалыматта. Күйүүчү майга баанын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча иштер системалуу түрдө жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Кыргызстанда 4-4,5 миң сом пенсия алгандар бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев билдирди. Учурда парламентте Социалдык фонд 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча отчет берип жатат. Эл өкүлү өлкөдөгү минималдуу пенсия канча экенин сурады. Социалдык фонддун башкаруучулугунун төрагасы Бактияр Алиев 1-октябрдан тартып минималдуу пенсия 6,9 миң сомду түзөрүн айтты. "Андан төмөн пенсия жокпу? 4 миң, 4,5 миңден алып жаткандар бар да", — деп тактады эл өкүлү. Алиев психиатриялык диспансердегилерге, абактагыларга жана III топтогу майыптарга пенсиянын базалык бөлүгү төлөнбөй турганын белгиледи. Анын айтымында, эркиндикке чыккандарга жана III топтогу майыптарга пенсиялык куракка жеткенде базалык бөлүк төлөнө баштайт.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган Telegram-канал иштей баштагандыгын Россиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, жаңы түзүлгөн каналдан көптөгөн кызыктуу материалдарды табуууга болот. Алардын катарында Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы окуялар тууралуу ар кандай материалдар бар. Ошондой эле согуш ардагерлеринин жана алардын үй-бүлөсүнүн эскерүүлөрү, Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу кызыктуу фактылар дагы жарыяланат. Муну менен катар түрдүү сынактар, пайдалуу маалыматтар Telegram-каналга чыгып турат.
НАТОнун бир катар мамлекеттери КМШ өлкөлөрүнүн аймагындагы тараптарды эки жаат кылып, чатакты ырбатуу максатында аларга куралды болушунча шыкап берип жатат. Бул туурасында ФСБнын директору Александр Бортников КМШ өлкөлөрүнүн чалгын кызматтарынын, коопсуздук боюнча органдардын жетекчилеринин отурумунда айтты. Ал АКШ, КМШ өлкөлөрүндө башаламандык уюштурууну максат кылып алсыз ресурстук база түзгөнүн кошумчалады. ФСБ жетекчиси ошондой эле НАТО Кара деңиз менен Каспийге чыга турган согуштук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү караштырып жатканын, альянс союздаш Россия менен Беларустун чек араларында бекем орун алып, Арктика менен Балтика деңизинин аймактарына тереңдеп кирүүсүн активдештирип жатканын белгиледи. Муну менен катар Бортников украин жергеси дүйнөдөгү жалданма баш кесерлер менен террорчулардын уюгуна айланып жатканын кошумчалады.