Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Европа Украинадан улам эмнеден кооптонуп жатканы белгилүү болду

Украина согушунун ардагерлеринин кириши жана курал-жарактын аткезчилик менен келиши ЕБдин баш оорусу болчудай.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Европалык чалгын Украинадагы согуштан кийин украин аскерлери жана куралдар контрабанда жолу менен агылып кириши ыктымал деген кооптуулукту карап жатат. Бул туурасында Bloomberg агенттиги жазган.
"Бүткүл Европа боюнча чалгын кызматы согуш аяктагандан кийинки коркунучка даярданууда. Ал — украин кармашынын ардагерлеринин кириши жана курал-жарактын аткезчилик менен келип, туура эмес колдорго түшүп калышы", — деп жазылган макалада.
Буга чейин РФ президенти Владимир Путин Украина Жакынкы Чыгышка курал сатып, андан ары ар кайсы тарапка кетип жаткандыгын айткан эле.
ЖМКларда Украинага берилген куралдардын бир бөлүгү "базарга" түшүп кетип жаткандыгын европалык аткаминерлер да тастыктаган.
Европолдун башчысы Катрин де Болль 2022-жылдын май айында Евробиримдиктин мамлекеттери Украинага берген куралдар кылмышкерлердин колуна өтүп кетип жаткандыгын ачык айтып, эскерткен. Ал эми бир айдан соң ЕБдин полиция кызматы курал-жарак менен ок-дарынын, анын ичинде оор куралдардын да Украинанын согуш болуп жаткан аймактарынан "өтүп кетип" жатканы боюнча конкреттүү маалыматтар бар экенин билдирген.
Бийлик ЕБге мүчө өлкөлөр менен Украинанын чек арасын бойлой аткезчилик кылыш үчүн алдын ала даярдап, казып коюлган курал сактоочу жайлар болушу мүмкүн деп түкшүмөлдөгөн. 2022-жылдын октябрынын соңунда Финляндиянын кылмыш боюнча борбордук полициясынын комиссары Yle басылмасына берген маегинде Украинага жөнөтүлгөн куралдар фин кылмышкерлеринин колунда турганын айткан.
2023-жылдын апрелинде америкалык журналист, Пулитцер сыйлыгынын ээси Сеймур Херш чатак адеп башталганда Батыш жиберген куралдар Польшаны "аралап кеткенин" аталган өлкөнүн ИИМ башчысынын орун басары Мачей Вонсик да моюнга алганын айткан жайы бар.
Россия Украинага Батыштын курал-жарак берүүсү кырдаалды жөнгө салбастыгын жана НАТО өлкөлөрүн чатакка катыштырып, "от менен ойноп" жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО согушка курал-жарак берип эле катышпастан, Улуу Британиянын, Германиянын, Италиянын жана башка өлкөлөрдүн аймактарында аскердик кадрларды даярдап берип да көмөктөшүүдө. Кремль Батыштын Украинанын аймагына куралдарды шыкап жатканы кепке келип, сүйлөшүү жүргүзүүгө кесепетин тийгизерин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Захарова: АКШ 2025-жылы Украинага аскердик операциялар үчүн курал-жарак берет