БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. ЕАЭБде бирдиктүү бажылык жөнгө салуусуз товарлардын эркин алмашуусу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов билдирди.
Анын айтымында, уюмдун Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү, электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча келишимди ишке ашыруу жана бирдиктүү бажы транзит системасы тууралуу келишимге кол коюу маанилүү кадамдардын катарына кирет.
"Бул инструменттерди натыйжалуу кылып ишке ашыруу жана бирдиктүү бажылык жөнгө салуу процессин камсыздоо ЕАЭБдин алкагындагы тоскоолдуктарды азайтууга өбөлгө түзөт. ЕАЭБде бирдиктүү бажылык жөнгө салуусуз товарлардын эркин кыймылы мүмкүн эмес", — деди Давыдов.
Министр бажы мыйзамдарын өркүндөтүү маселеси 2030-2045-жылдар аралыгында уюмдун алкагында экономикалык процесстерди өнүктүрүү боюнча декларацияда камтылганын кошумчалады.