БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. 10 жыл ичинде ЕАЭБдин ИДПсы 12 пайызга өскөн. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси министри Гоар Барсегян билдирди.
Ал "Евразиялык экономикалык биримдикке 10 жыл: жетишкендиктер жана артыкчылыктар" аталышындагы тегерек столго катышкан.
"10 жылда уюмдун ИДПсы 12 пайызга өсүп, былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча 2,4 триллион долларга жетти. Соода жүргүзүү жакшырууда. Көлөмү 2023-жылдын соңу менен 88,7 миллиард долларды түздү. Он жылдын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү эки эсеге жогорулады", — деген Барсегян.
Министр уюмдун өнөр жай тармагын, жаңы аймактык кооперация чынжырларын түзүүгө багытталган өнүктүрүү бюджети түзүлгөнүн кошумчалады.