БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Россия Борбор Азия өлкөлөрү менен виза режимин киргизүүнү пландаган жок. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча үчүнчү департаментинин директору Александр Стерник билдиргенин РИА Новости жазды.
Стерник RTVi телеканалына маек берип жатканда ага "жакын арада Москва Борбор Азия өлкөлөрү менен виза режимин киргизери күтүлүп жатабы?" деген суроо берилген.
"Биздин маалымат боюнча, талкууда мындай маселе жок", — деп жооп берген Стерник.
Анын айтымында, виза режимин киргизүү боюнча кепти саясий элитанын айрым өкүлдөрү чыгарууда, өлкө жетекчилигинде бул тема каралган жок.
Дипломат Россияга келген чет элдик жарандар жашоого тез аралашып кетиши үчүн компетенттүү органдар алар менен активдүү иштеп жатканын кошумчалаган.