Путин КМШдагы кырдаалды курчутууга жол бербөөгө чакырды

РФ лидери геосаясаттын бүгүнкү татаал шарттарында конструктивдүү өз ара кызматташуу өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин КМШ өлкөлөрүнүн чалгын кызматтарынын, коопсуздук боюнча органдардын жетекчилеринин отурумуна келгендерди шериктештиктеги жана коңшу аймактагы мамлекеттерде кырдаалды чайпалтууга жол бербөөгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Ал үчүн ири алдыда кандай гана терс тенденция жана жамааттык кооптуулукка коркунуч жараткан нерселер болбосун карап, таап чыгуу зарыл. Булардын өрчүшүнө алдын ала сереп салып, маалымат жана тажрыйба алмашып иш алып баруу керек", — деп айтканын Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин жыйынга катышып отургандарга окуп берген.
Президент 20 жылдан бери мындай жолугушуулар актуалдуу маселелерди талкуулап, КМШ өлкөлөрүн тышкы жана ички кооптуулуктардан коргоого багытталган чечимдерди кабыл алып, атайын кызматтын алкагында кызматташуунун жаңы түрлөрүн иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк жаратып келгенин белгиледи.
"Геосаясаттын бүгүнкү татаал шарттарында силердин конструктивдүү өз ара кызматташууңар өзгөчө мааниге ээ", — деген Путин.
Президент аталган отурум мамлекеттер менен анда жашаган элдердин бейкуттугу жана өнөктөштүктү тереңдетүүдөгү маанилүү этап болоруна, КМШ айдыңындагы коопсуздукту, тынчтыкты бекемдөөгө жардамын тийгизерине ишеним арткан.
Путин: Евразиядагы коопсуздук системасы ШКУ, ЕАЭБ, КМШдагы диалогду талап кылат