БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Батыш Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгынын алдында нацизмди жеңүүдөгү СССРдин ролун каралап, көө жабуусун арттырып жатат. Мындай билдирүүнү КМШ өлкөлөрүнүн чалгын кызматтарынын, коопсуздук боюнча органдардын жетекчилеринин отурумунда РФтин Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин жасады.
Ал КМШ өлкөлөрү келерки жылы (9-майда — ред.) нацисттерди жеңген күндү чогуу майрамдаганда Батыш өлкөлөрү жаман абалда калат деген ишенимдемин деп кошумчалаган.
Нарышкиндин билдирүүсүнүн урунттуу учурлары төмөндө:
Батыш КМШнын саясий, аскердик эле эмес, тарыхый жана географиялык байланыштарын бөлүп-жарып, ажыратуу максатын койду;
Грузиядагы "кызгылт сары ыңкылабын" жасоодогу кезектеги аракеттери Беларусь менен Казакстандагы майнапсыз кадамдары сыяктуу ордунан чыкпай калды;
Украина өз алдынча, толук кандуу мамлекет болбой калды, Молдова да анын артынан бара жатат;
Евразия континентиндеги интеграциялык процесстерди бузуу Трамптын бийлиги учурунда да уланчудай болуп турат.