Радио

Улуттук "Манас" театрынын филиалы чет өлкөлөрдө ачылууда

Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директору Нурбек Талантбеков 4-декабрь — "Манас" эпосунун күнүнө карата бир айлык иш-чаралардын тизмеси бекитилип, ар улуттун өкүлдөрү манас айта турганын билдирди.
Sputnik
Кыргыз улуттук "Манас" театрынын филиалы чет өлкөлөрдө ачылууда. Учурда Иордания жана Өзбекстанда иштеп, кийинки жылы Египет, Түркия, Кореяда ачуу пландалууда. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кийинки жылы Өзбекстанда жашаган кыргыздар арасында хор менен манас айтуу боюнча иш-чара өтөт.
"4-декабрь — "Манас" эпосунун күнүнө карата бир айлык иш-чаралардын тизмеси бекитилип, республика боюнча өтүп жатат. Бул күнгө байланыштуу 50 иш-чара уюштуруп, программасын даярдаганбыз. Мисалы, бир эле Кочкор районунун ар бир айылында "Урааным Манас" сынагы өтүп жатат. Ал эми "Манас" эпосунун күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салтанаттуу өтүп, ар улуттун өкүлү манас айтат. Мындан тышкары, "Манас" театрынын филиалы чет өлкөлөрдө ачылууда. Учурда Иордания жана Өзбекстанда иштеп, кийинки жылы Египет, Түркия, Кореяда ачуу пландалууда. Ал жакта окуган, иштеген кыргыздар чогулуп, манас айтып, күү чертип, маселелерин чогуу чечип баарлаша турган аянтча пайда болот", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал "Манастын баскан изи менен" аттуу долбоор даярдалып, Манас барган жерлердин картасын түзүү пландалып, материалдарды чогултуу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.