БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары уюмдун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү кырдаалды талкуулашат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, 28-ноябрда Астанада ЖККУнун уставдык органдарынын жыйындары өтөт.
"Күн тартибинде бир катар маселелер мамлекет башчыларынын деңгээлинде жабык, тар чөйрөдө, ошондой эле биргелешкен маселелер кеңири талкууланмакчы. Макулдашылган документтерге президенттердин, тышкы иштер жана коргоо министрлеринин жана коопсуздук кеңештеринин катчыларынын деңгээлинде кол коюлушу күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Россиянын ЖККУдагы туруктуу өкүлү Виктор Васильев белгилегендей, саммиттин катышуучулары дүйнөдөгү абалга өзгөчө көңүл бурушат.
"ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндө жана дүйнөдө болуп жаткан эл аралык кырдаал боюнча кеп козголот. Ошондой эле мамлекет башчылары бир катар актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, документтерге кол коюлат. Тактап айтканда, жогорку деңгээлде жыйынтыктоочу декларация кабыл алынат, саясий жана аскердик кызматташууга тиешелүү бир катар документтерге кол коюлары пландалууда", — деди Васильев.
Мындан тышкары, 2025-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөө боюнча президенттердин деңгээлинде билдирүү кабыл алынары кошумчаланды.