Бишкекте Кыргызстандын бардык облустарынан мугалимдер менен окуучулар катышкан тарых боюнча эл аралык сынактын финалисттери сыйланды.
Бул билим таймашын "МИР Восток" коомдук фонду уюштурган.
Бул билим таймашын "МИР Восток" коомдук фонду уюштурган.
"Быйыл сынакка катышууга 200дөн ашык өтүнмө түштү. Тандоо туру өткөрүлүп, 26 жеңүүчү аныкталды. Конкурс эки темага арналган эле: россиялык окумуштуулардын Кыргызстанды жана Борбордук Азияны изилдөөдөгү салымы, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы. Акыркы тематика боюнча өтүнмөлөрдүн саны абдан көп болду. Финалисттердин дээрлик баары Нарын облусунан чыкты", — деп айтты аталган фонддун камкорчулар кеңешинин төрайымы Валентина Комлева.
Жеңгендер эми Россиянын борбору Москва шаарына барышат.