Улуттук банк 92 млн. доллар сатты. Валюта курсуна тийгизген таасири

Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кечээ, 25-ноябрда, Улуттук банк валюта рыногунда 92 миллион 250 миң доллар сатты.
Бул — Улуттук банктын ноябрдагы үчүнчү интервенциясы.
Эске салсак, ал валюта курсунун чайпалуусун алдын алуу үчүн доллар сатып жана сатып алат. Акыркы күндөрү америкалык валютанын баасы өсүүдө.
Дүйшөмбү эртең мененкиге салыштырмалуу доллардын орточо курсу 11 тыйынга жогорулады.
Банктарда сатуу курсу 87,15 сом (өсүш 10 тыйын), акча алмаштыруучу жайларда 87,2 сом (өсүш 10 тыйын) болууда. Жыл башынан бери Улуттук банк валютаны 13 жолу (369 миллион 850 миң доллар) сатып алып, 9 жолу сатты (482 миллион 850 миң доллар).
Кыргызстанда доллар менен алынган кредит жана депозиттердин үлүшү азаюуда