Ташиевдин уулунун атын жамынып ири өлчөмдө акча алган киши кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулунун атын жамынып ири өлчөмдө акча алган адам кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
Маалымат боюнча, Ж.И.Р. аттуу киши маселе чечүү үчүн Камчыбек Ташиевдин уулунун атын жамынып Т.Т.М. аттуу кишиден 240 миң доллар алган.
Жабыркаган тараптын арызынан улам кылмыш иши козголуп, алдап акча алган киши менен УКМК төрагасынын уулунун эч кандай мамилеси жок экени аныкталган.
Учурда шектүү №1 тергөө абагына киргизилгени кошумчаланды.
УКМК Жалал-Абадда кармалган үч судьянын кармалышынын чоо-жайын ачыктады