Баргандар жапырт ууланган тамактануучу жайларга 100 миң сом айып салуу сунушталды

Демилгечилер кафе, ресторандар жакшы киреше табарын, бирок санитардык эрежелерди сактабай жатканын белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Депутаттар санитардык талаптарды бузган тамактануучу жайларга 100 миң сом айып салууну сунуштады.
Тиешелүү мыйзам долбоору Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде биринчи окууда жактырылды.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде учурда юридикалык жактарга эң көп дегенде 23 000 сом айып салынары, коомдук тамактануучу жайларда бир жолу иш-чара өткөрүү 100 миң сомдон 500 миң сомго чейин жетери белгиленген.
"Салынган айыптын суммасы ишкерлер жана майрамдык иш-чараларды уюштургандар үчүн таасир этүүчү чара боло албайт. Ошондуктан ресторан жана кафелердин абийирсиз ээлери айып пулду төлөп коюп, кайрадан эле үй-бүлөлүк мааракелерди жана тойлорду уюштурууну уланта бермекчи", — деп жазылат маалыматта.
2023-жылы өлкөдө 590 киши тамак-аштан ууланып, анын ичинде беш адам каза болгон;
2024-жылдын алгачкы төрт айында эле киши ууланган 41 факт катталып, 155 адам жабыркаган.
Мындан улам эреже, талапты бузган жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 100 миң сом айып салуу сунушталууда.
Комитеттин талкуусунда башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө олуттуу залал келтирүүгө жоопкерчилик Кылмыш-жаза кодексинде каралганын белгилеп, жоопкерчилик жумшарып калып жатканын айтты.
Жыйынтыгында депутаттар концепциясын колдоп, бирок мыйзам долбоорун дагы иштеп чыгуу милдеттенмеси менен колдоп беришти.
Радио
Веткызмат: тамак-аш коопсуздугу боюнча тиешелүү ишканалар текшерилет