БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстан 2025-жылы Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна төрагалык кылат. Бул тууралуу Россиянын уюмдагы туруктуу өкүлү Виктор Васильев билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Кыргызстандын уюмга төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттары: саясий, аскердик кызматташуу, терроризмге жана коркунучтарга биргелешип каршы күрөшүү, маалыматтык коопсуздук болуп саналат.
28-ноябрда Астанада ЖККУнун саммити өтөт. Анда Кыргызстан 2025-жылдагы ЖККУдагы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берери белгиленген. Тактап айтканда, буга президент Садыр Жапаров жыйындын жүрүшүндө токтолору күтүлүүдө.