БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. 2025-жылдан баштап Премьер-лигадагы футболдук клубдар өспүрүм кыздар командаларын түзүүгө милдеттендирилет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул шарт лицензиялоодогу талаптардын тизмегине кошулган. Ага ылайык, клубдар 14 жана 16 жашка чейинки өспүрүм кыздардан турган командаларды түзүшү керек. Ал эми чоңдор арасында кыз-келиндер командасын түзүү сунуш иретинде киргизилет.
"Кыргыз футбол биримдиги жаш оюнчуларга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана бардык жаш категориялардагы кыз-келиндер командаларынын деңгээлин жогорулатуу аркылуу өлкөдө аялдар футболун өнүктүрүүгө умтулат. Бул — Кыргызстанда профессионал кыз-келиндер футболун өнүктүрүүгө жасалган маанилүү кадам", — деп жазылган маалыматта.
14 жана 16 жашка чейинки кыздар командалары чемпионатта өз жаш категориясы боюнча күч сынашары кошумчаланды.