БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Профессор Эрнст Акрамов 89 жашында дүйнөдөн өткөнүн анын кесиптештери билдиришти.
Медицина илимдеринин доктору өмүрүнүн аягына чейин Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүн жетектеген. Эки жыл мурда аталган ооруканага ысымы ыйгарылган.
Эрнст Акрамов 1936-жылы 24-июнда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Кыргыз медициналык институтун аяктаган. Гимнастика спорту боюнча республиканын бир нече жолку чемпиону, гимнастика боюнча Кыргыз ССР курама командасынын мүчөсү. Профессор Акрамов 1989-1992-жылдары СССРдин, кийин КР Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.
2009-жылы ага Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.