РКӨФ "Кыргыз темир жолуна" 5,2 миллион доллар бөлдү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду "Кыргыз темир жолунун" оңдоо базасын түзүүгө 5,2 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылган.
Каражат локомотивдик чарбаларды модернизациялоого жумшалмакчы.
Учурда Кыргызстан тепловоздорду оңдоп-түзөөгө чет өлкөгө жөнөтөт.
"Долбоор — Кыргызстандын транспорттук көз карандысыздыгы үчүн маанилүү кадам. Президенттин колдоосу менен "Кыргыз темир жолу" устаканаларын кыйла жаңыртты. Эми бул демилге ремонтту өз күчү менен жасоого жол ачат", — деди фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.
Долбоор ишке ашса ремонт толугу менен өзүбүздөн жасалып, акчасы жана убактысы үнөмдөлөрү айтылды.
РКӨФ Жети-Өгүздөгү кыш заводунун курулушун каржылады