Илимге, медицинага калтырган мурасы баа жеткис. Бийлик Эрнст Акрамов тууралуу

Эрнст Акрамов 89 жашында бүгүн, 26-ноябрда, көз жумду
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Эрнст Акрамов медицинага жана илимге баа жеткис мурас калтырды, ал мындан ары шакирттеринин эмгектеринде жашай берет. Мындай сөздөр атактуу хирургга берген бийликтин некрологунда айтылды.
Кыргыз Республикасынын Баатыры, эмгек сиңирген дарыгери, көрүнүктүү окумуштуу-хирург, мамлекеттик жана коомдук ишмер, медицина илимдеринин доктору, профессор, СССРдин эл депутаты, Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Эрнст Акрамов 89 жашында дүйнөдөн кайтты.
Эрнст Хашимович 1936-жылы 24-июнда Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек — ред.) жарык дүйнөгө келген. 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык диплому менен аяктап, хирург катары өзүнүн карьерасын баштап, республикадагы кадыр-барктуу адистердин бири болду. 1992-жылы Чүй облустук ооруканасынын жалпы хирургия бөлүмүн жетектеп, аны алдыңкы медициналык мекемеге айландырды. 2023-жылы ооруканага анын ысымы ыйгарылды.
"2002-жылдан бери Акрамов Реконструктивдүү жана калыбына келтирүүчү хирургия илимий борборун жетектеп, дарылоонун инновациялык ыкмаларын киргизди. Ал илимдин 17 докторун жана кандидатын даярдап, 350дөн ашык илимий эмгек жазып, 23 патент алган. Анын медицинага кошкон салымы көптөгөн сыйлыктар менен бааланган, анын ичинде Алтын шумкар медалы, Данакер ордени, Н.Пирогов ордени, Мустафа Кемаль атындагы алтын медаль жана башка көптөгөн сыйлыктар бар. Акрамов КМШда "Жылдын адамы" жана "Кыргызстанда 2004-жылдын дарыгери" деп табылган", — деп айтылат эскерүүдө.
Эрнст Хашимович медицинага жана илимге баа жеткис мурас калтырды, ал мындан ары өзүнүн шакирттеринин эмгектеринде жашай берет. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
Эрнст Акрамов дүйнөдөн кайтты, бирок дарыгердин эмгектери улуу хирург, окумуштуу, инсан катары таанылгандардын жүрөгүндө кала бермекчи. Анын медицинаны жана илимди өнүктүрүүгө кошкон салымы окуучуларынын жана кесиптештеринин тажрыйбасында жашай берери айтылды.
Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтылган.
Кыргыз эли чоң жоготууга учурады... Бийликтин Мамбет Мамакеевге жазган некрологу