БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Ак үй Украина Куралдуу күчтөрүнө Россиянын түпкүрдөгү аймактарына ATACMS ракеталары менен сокку урууга уруксат бергенин тастыктаганы менен Пентагон жана Мамлекеттик департамент чечимге комментарий берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Дүйшөмбү күнү Ак үйдүн стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби биринчи жолу Украина америкалык ыраакка атылуучу ATACMS ракеталарын Курск облусу менен анын айланасына сокку уруу үчүн колдонууга уруксат алганын айткан. Аткаминердин айтымында, бул — коргонуу үчүн жасалган кадам.
Кийинчерээк Мамдепартаменттин расмий өкүлү Мэттью Миллер Ак үйдүн чечимине түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. "Айта турган сөзүм жок", — деген ал. Пентагондун расмий өкүлүнүн орун басары Сабрина Синг да брифингде "эч нерсе дей албай" турганын билдирген.
Эскерте кетсек, Россия президенти Владимир Путин билдирүү жасап, 19-ноябрь күнү Украина Курск жана Брянск облустарындагы объектилерге АКШнын ATACMS жана Британиянын Storm Shadow ракеталарын колдонуп сокку урганын айткан. Буга жооп иретинде Россия 21-ноябрь күнү Украинанын аскер-өнөр жай комплексинин ракеталык техника жана курал-жарак чыгарган Днепропетровискидеги обеъктисине сокку уруп, аны жарактан чыгарган. Муну менен Путин орто аралыкка атыла турган жаңы "Орешник" системасы ийгиликтүү сыналганын билдирген болчу.