Саламдашуу — адептин башаты. Канткенде жаштарга учурашуунун маанисин, адебин үйрөтөбүз?

Sputnik
Ар бир коомдун өзүнө тиешелүү болгон учурашуу адеби бар. Учурдагы тынымсыз чуу салган жаңылыктар, өзгөрүүлөр болгон сайын улуттук, адептик, ыймандык дөөлөттөргө тоскоолдук болууда. Кыргыздын салтында өбүшүп, эркектер менен аялдарда кол алышып учурашуу болгон эмес. Манаста да саламдашууга терең маани берилген. Анткени саламдашуу жакшылыктын, ийгиликтин, жаратмандыктын, адептин башаты. Ошондуктан муну ар бир тарбиялануучунун, окуучунун, студенттин аң-сезимине сиңирүү керекпи? Азыркы коомго кыргыздардын салттык учурашуу адебин кантип жайылтабыз? Өбүшүп учурашууда ооруларды жугузуу тобокелдиги жогорубу?
Ушул соболдорго жоопту “Көз мончок” программабыздан уга аласыздар.