Сүйменкул Чокморовдун чыгармачылыгы

Sputnik
№9 музыкалык мектепте СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, таланттуу инсан Сүймөнкул Чокморовдун сексен беш жылдыгына арналган конференция өттү. Жогорудагы иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Суютбек Торобеков Чокморовго арналган “Эрте үзүлгөн өмүр” аттуу портретин көрөрмандарга тартуулады. Бул конференцияга Тургунбай Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм өнөр академиясынын, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунун, Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр училищесин студенттери катышты.
Бул иш-чаранын учурунда Сүйменкул Чокморовдун кыргыз искусствосуна кошкон салымын баса белгиленди. Мындан сырткары анын ата мекендик живопись жана кино үчүн кылган опол тоодой эмгеги тууралуу айтылды. Ошондой эле Чокморовдун сүрөтчүлөрдүн жаңы муунун тарбиялоодогу ролун талкууланды.