Мас болуп унаа башкаргандарга айдоочулук күбөлүктөн ажыратуунун ордуна ири айып пул салуу натыйжалуубу?

Sputnik
Мас болуп унаа башкаргандарга айдоочулук күбөлүктөн ажыратуунун ордуна айып салуу сунушталды. Мыйзам долбоорун депутат Эрнис Айдаралиев демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды. Депутат айдоочулук күбөлүктөн ажыратууга караганда ири айып салуу жакшы натыйжа берерин белгилеген. Мас абалда унаа айдаган жарандарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салуу сунушталууда. Ал эми ИИМ мас абалда унаа айдаган айдоочуну эки жылга күбөлүктөн ажыратууну сунуштоодо. Кайталап бузулган учурда укуктар төрт жылга ажыратылышы мүмкүн.
Мыйзам долбооруна киргизиле турчу өзгөртүүлөрдүн кайсынысы эффективдүүрөк болорун “Күн башат” берүүсүнүн алкагында Жогорку Кеңештин депутаты Эрнис Айдаралиев жана ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу менен маектешип, талкууладык.