БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. ЕАЭБде бирдиктүү финансы рыногун түзүү капиталдын натыйжалуу бөлүнүшүн камсыздайт. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев Казакстандын Улуттук банкынын төрагасы Тимур Сулейменов менен жолугушууда билдирди.
Тараптар ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин финансы тармагындагы мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана жалпы финансы рыногун калыптандыруунун келечегин талкуулашкан.
"ЕАЭБдин жалпы финансы рыногун түзүү капиталды натыйжалуу бөлүштүрүүнү камсыз кылып, атаандаштыкты жогорулатууга, өз ара кабыл алуудагы тоскоолдуктарды жоюуга, бизнестин жана калктын финансылык продукцияларга кеңири жеткиликтүүлүгү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган", — деди Сагинтаев.
Бул милдетти ишке ашыруу үчүн ЕЭК мүчө мамлекеттер менен системалуу иштерди жүргүзүп, эл аралык келишимдердин бүтүндөй комплексин даярдап жатканы кошумчаланды.