Улуттук университеттин кампусун куруу муктаждыгы курч турат. Окуу жайдын рейтингин көтөрүүгө курулуштун таасири чоң болот. Мындай пикирин Догдурбек Чонтоев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, окуу жайдын быйылкы бюджети 1 миллиард 450 миллион сомду түзгөн. Былтыр сумма 950 миллион сомдун чегинде болгон.
"Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 2025-жылдын 25-октябрында 100 жыл толот. Аны мамлекеттик деңгээлде өткөрүү чечими кабыл алынды. Чындыгында аталган окуу жай өлкөдөгү ЖОЖдордун флагманы болушу шарт. Ал үчүн университетке берилген өзгөчө макам чоң жардам көрсөтүүдө. Мурдагыдай колу-буту байланып тендерлерди күтпөй, чарбалык иштерди шыр чечип жатабыз. Анын арты менен базабыз чыңалууда. Окуу төлөмдөрүн көбөйтүүгө коюлган чектөө да алынып, учурда бюджетибиз да өсүп жатат. Бирок дүйнөлүк рейтингдерге кирүүдө биздин жатаканалардын абалы, окуу корпустарыбыз талапка туура келбей калган көйгөйлөр бар. Муну чечүү үчүн биз үч жылда бирден жатакана куруп алганга кудуретибиз жетип калды. Буга уруксат сурап жогорку бийликке кайрылуудабыз. Ал эми келечекти алып карай турган болсок, улуттук университеттин аброюн көтөрүүдө өзүнчө 15-20 гектар жер бөлүнүп, кампус курулушу керек. Биз бул изги тилектерибизди да өлкө жетекчилигине жеткирип жатабыз. Буюрса университеттин өзүнчө кампусу курулуп калчу убакыт да алыс эмес", — деди Чонтоев.
Ал окуу жай каражатын өзү тейлеп калгандан бери техникасын бүтүндөй жаңылап, быйылкы жылдын эсебинен да мугалимдердин айлык акысы 3000-4000 сомго жогорулаганын кошумчалады.