УКМК Жалал-Абадда кармалган үч судьянын кармалышынын чоо-жайын ачыктады

Соттор баңгизатты сатууга даярдаган деп айыпталган адамга жеңил жаза дайындап качып кетүүгө шарт түзгөн дешти.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. УКМК Жалал-Абадда кармалган үч судьянын кармалышынын чоо-жайын ачыктап, алар өзгөчө оор кылмыш үчүн жеңил жаза дайындаган деп шектелип жатканын УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын айынан шектүү камактан бошотулуп, укук коргоо органдарынан качып кеткен.
"Жалал-Абад шаардык соту баңгизаттарды сатуу максатында даярдаган деп айып тагылган 42 жаштагы адамды күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыраткан. Бул чечим апелляциялык инстанцияда Э.К.К., М.У.К. жана К.М.М. аттуу судьялар курамы тарабынан каралып, сот адилеттигине жатпаган өкүм чыгарылган. Ага ылайык, шектүү Х.С.С. аттуу адамдын аракети негизсиз деп квалификацияланып, сегиз жылга эркинен ажырата турган жаза дайындалган. Бирок өкүмдүн аткарылышы башка мамлекетте энесинин камкордугундагы уулу 14 жашка чыкканга чейин калтырылган. Натыйжада шектүү камактан бошотулуп, укук коргоо органдарынан качып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Учурда судьялар УКМКнын тергөө абагына бир айга камакка алынганы кошумчаланды.
УКМК: Ташиевге жөнөтүлгөн "анонимдүү коркутуу катынын" автору аныкталды