БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө кызмат кылып жаткан 15 миң трансгендерди армиядан кетирүү туурасында жарлык чыгарууга ниеттенип жатат. Бул туурасында Times басылмасы коргонуу ведомствосундагы маалымат булактарына таянып жазды.
Анда жарлыкка Трамп, балким, өзүнүн президенттик мөөнөтү башталганда эле кол коюп коюшу ыктымалдыгын, ал медициналык көрсөткүчтөрүнөн улам Америка армиясындагы бардык трансгендерлерге тиешелүү болору айтылган.
"Бул нерсе америкалык куралдуу күчтөрдүн бардык түрү тандап алуу боюнча алдына коюлган милдетти аткара албай калган учурда жасалат", — деп айтылган макалада.
Басылма Трамп биринчи президент болгон жылдары буга окшогон, тагыраагы, трансгендерлердин АКШ армиясынын Куралдуу күчтөрүнө кызмат өтөөгө мүмкүнчүлүк бербей турган жарлыкка кол койгондугун эске салган. Бирок анда кызмат өтөп жаткандарга тийишкен эмес.