Мисалы, журналисттерди антироссиялык санкциялар, эки өлкөнүн банк системасындагы өз ара мамилелер кызыктырды. Вакунов Кыргызстандын бир катар банктары SWIFT системасынан чыгып калбаш үчүн операцияларды токтотууга аргасыз болгонун белгиледи.
"Кыргызстандын бир катар банктары Батыштын санкциясына тушуккан россиялык банктар менен өз ара операцияларын жүргүзбөй калганына карабастан, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү бир топ өстү", — деген дипломат.
Ал бир катар мамлекеттер, анын ичинен Борбор Азиянын өлкөлөрү дайыма эле мыйзамсыз санкцияга карап кылчактап турууга мүмкүн эмес деген пикирде болуп жатканын белгилеген.