Россиянын элчиси Кыргызстанды "уйкудан ойгонгон айбаттуу баатырга" салыштырды

Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов Кыргызстан кандай болуп өзгөргөнү боюнча пикирин билдирди.
Россиялык журналист, ВГТРКнын Борбор Азия боюнча кызматынын башчысы Роберт Францев дипломат менен маегин социалдык тармакка жарыялады.
"Бүгүнкү Кыргызстан — уйкудан ойгонгон айбаттуу баатырдай. Эки жагына көз чаптырса баары жакшы, бирок кудайдын бергени деп эле отура бербестен, келечекти үй-бүлө, балдар жакшы шартта жашашы үчүн, эртеңки күнгө ишенүү үчүн куруу зарыл болсо керек. Азыркы жетекчилик мен 20 жылдан ашуун убакытта байкабаган нерселерди жасады", — деген Вакунов маегинде.
РФ элчиси: Кыргызстан ага ким дос, ал эми ким жөн гана сапарлаш экенин билет