РФ элчиси: Кыргызстан ага ким дос, ал эми ким жөн гана сапарлаш экенин билет

Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстан ага ким дос, ал эми ким сапарлаш экенин ажырата билет. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов "Россия-1" каналына берген маегинде билдирди.
Дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысына эки тараптуу кызматташтыкка зыян келтирүү үчүн Россиянын геосаясий каршылаштарынын кысымына кыргыз бийлигинин реакциясы боюнча суроо узатылган.
"Кыргызстан — эгемендүү, суверендүү мамлекет. Ал биринчи кезекте улуттук жана геосаясий кызыкчылыктарын камсыздашы керек. Кыргызстан ага ким дос, ал эми ким сапарлаш экенин билет. Ошондуктан мындай аракеттерге так жана туура жооп кылууда. Салынып жаткан жана салынуу коркунучундагы чектөөлөр өлкөнүн ички ишине кийлигишүү экенин түшүнөт", — деп жооп берди элчи.
Вакунов эки тараптын финансы агымдары үчүн жаңы архитектура куруу зарыл экенин айтып, жакында ал ишке ашат деп эсептейт.
"Биринчи кезекте Россияда жүргөн Кыргызстандын жарандары жабыркоодо. Анткени бул трансферттер төлөмдөрдү жүргүзүүнү жана туугандары менен үй-бүлөсүнө акча которууну кыйындатат. Азыркы заманда бул которууларды аткаруу ыкмалары бар", — деди дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы.
Акылбек Жапаров Россиянын элчиси Вакунов менен жолукту