БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Эмгек миграциясы Россия да, Кыргызстан да чоң жоопкерчилик менен мамиле жасай турган өз ара пайдалуу процесс экенин РФтин Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов журналисттер менен жолукканда айтты.
Дипломат эмгек мигранттары Кыргызстанга, үй-бүлөсүнө жыл сайын болжол менен 2,5 миллиард долларга чукул акча которорун, бул республиканын социалдык тармагына жасалган эң ири колдоо экенин белгилеген.
"Экономика, өндүрүш, курулуш тармагы тажрыйбалуу, ишти кынтыксыз алып кеткен кесипкөй жумушчуларды талап кылып жаткандыктан, ал Россия үчүн да маанилүү. Бул — өз ара пайдалуу процесс, эки тарап тең жоопкерчилик менен мамиле жасашы керек", — деген дипломат.
Вакунов Россияда миграциялык укук боюнча азыр киргизилип жаткан жаңычылдыктар биринчи иретте мыйзамсыз миграцияны жоюуга багытталып жаткандыгын айтты. Катаал чаралар мыйзамсыз миграцияны уюштурган россиялык жарандарга да колдонуларын белгиледи.
Элчи аталган тармак боюнча тиешелүү иштерди Россияда да, биринчи иретте Кыргызстанда да жүргүзүп, алардын РФке келиши кандай мыйзамдар менен жөндөлөрүн түшүндүрүү зарыл деп эсептейт.