БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Кыдыкбаев "балага сүйүнчү" төлөмүн депозиттик эсеп аркылуу көбөйтүүнү сунуштады. Эл өкүлү тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Учурда ар бир төрөлгөн балага 4 миң сомдон, үч же андан көп болсо 50 000 сом берилет. Кыдыкбаев бул акча бала тарбиялоого байланыштуу чыгымдарды толук жаба албасын белгилеп, жаңы механизм сунуштаган.
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
"Бала төрөлгөндө мамлекеттик банкта депозиттик эсеп ачылып, каражат убакыт өткөн сайын көбөйүп турат. Баштапкы сумма 7 жашка чыкканда эки эсе, 18 жашка жеткенде үч эсеге өсөт. Эсептеги каражатты мөөнөтүнөн мурда алуу же башка жагдайларда колдонуу шарттары долбоордун жоболорунда көрсөтүлгөн", — деп жазылган мыйзам долбоорунун негиздемесинде.
Ошондой эле депозиттеги каражат туруктуу өсүш үчүн пайыздык чен өлкөдөгү орточо деңгээлден төмөн болбошу зарыл экени кошумчаланган.