БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Австрия Республикасына барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Өлкө башчы расмий сапардын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрөт. Австриянын федералдык президенти Александер Ван дер Беллен менен тар жана кеңейтилген форматта кездешет.
Ошондой эле федералдык канцлер Карл Нехаммер жана Улуттук кеңештин төрагасы Вальтер Розенкранц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү пландаштырылган.