БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш болгон бир катар аткаминерлерге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүдө буга Билим берүү министрлиги тарабынан мугалимдерге сапатсыз ноутбуктарды сатып алуу негиз болгону айтылды.
Сөгүш алган аткаминерлер:
министрлер кабинетинин төрагасы — Акылбек Жапаров;
минкаб төрагасынын орун басары — Эдил Байсалов;
билим берүү министри — Догдуркүл Кендирбаева;
билим берүү министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары — Лира Самыкбаева;
Президенттин жана өкмөттүн чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальнигинин орун басары Жипариса Рысбекова жана тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Медербек Өмүрбеков.
Буга чейин мугалимдерди ноутбук менен камсыздоо үчүн бюджеттен 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөнү айтылган. План боюнча, жыл соңуна чейин окутуучулардын 50 пайызы, 2025-окуу жылында 100 пайызы ноутбук менен камсыздалмак.