БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда совет доорунда курулган көп кабаттуу үйлөрдү бузуу мерчемделүүдө. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев УТРКга билдирген.
Ал белгилегендей, жердин тартыштыгынан улам "сталинка" жана "хрущевка" деп аталган бир нече кабаттуу үйлөр биринчи кезекте буздурулмакчы. Ошондой эле маалыматта алардагы батир ээлери жаңыга алмаштырып алары белгиленген.
"Сталиндин жана Хрущевдун учурунда курулган объектилер көп. Мисалы, 10 миң чарчы метрлик 500 батир гектарлаган жерди ээлеп турат. Ал жерлерге жаңы технологиялар менен имарат курулса турак жайдын аянтын 100 миң чарчы метрге чейин кеңейтүүгө болот. Бул — замандын талабы реновация деп аталат", — деген Орунтаев.
Бул үчүн ченемдик-укуктук база иштелип чыгары кошумчаланды.