БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү текшерүүдө ыйгарым укуктарды кеңейтүү сунушталды. Тиешелүү токтом долбоорун УКМК иштеп чыгып коомдук талкууга жайгаштырды.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы өкмөт "Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтом кабыл алган. Ал БУУнун тиешелүү резолюциясынын талаптарын аткаруу максатында иштелип чыккан.
"Аталган резолюция БУУга мүчө мамлекеттердин чет өлкөлүк согушчан-террористтер деп шектелген адамдардын өз аймагына кирүүсүнө же транзитине жол бербөөсүнө, авиациялык коопсуздукту бекемдөөсүнө жана чек ара кызматтарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуусуна багытталган", — деп жазылган маалыматта.
Эми бул системага поезддин жана автобус каттамынын билеттерин электрондук брондоо ситемасын API/PNR программасына интеграциялоо сунушталууда. Башкача айтканда, эми поезд жана автомобиль жүргүнчүлөрүнүн алдын ала маалыматтары учактын кардарларындай эле топтолмокчу.
Ошондой эле долбоордо тиешелүү оператордон API/PNR маалыматын алуу укугуна ээ мамлекеттик органдардын тизмеси каралганы белгиленди. Бул маалыматтар алуучулардын жазуу жүзүндөгү суроо-талабынын негизинде гана берилери кошумчаланды.
API (Advance Passenger Information) – жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалыматтарды алуу;
PNR (Passenger Name Record) – жүргүнчүлөрдү каттоо учурунда чогултулган маалыматтар.