БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков парламентте аткаминерлер салыктан кантип качып жатканы боюнча түкшүмөлүн айтты.
Ал Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиевге декларация толтурууда канча мал сатылды деп көрсөтөрүнө кызыкты.
"Эмнеге сурап жатам? Анткени былтыр бир катар аткаминерлердин декларациясын карап чыктым. Алар миллиондогон сомдорго асыл тукум мал саткандарын көрсөтүшкөн. Эми ошолордун баары салыктан качып, жок нерсени көргөзө беришет да. Ошону эске алып статистиканы коюп жатабыз да. Чынында анча мал жок, жөн эле коюп жатат да. Башка кирешелерди көрсөтүп коюш үчүн эле..." — деди эл өкүлү.
Буга министрдин орун басары жеке өзү батир сатып аларда бал челектерин сатканын айтып, бирок чындап эле аары кармаарын белгиледи.
Буга депутат "сиздики бар да, бир-эки таанышым жылкыларды аябай "сатыптыр" да", — деп күлүп жыйынтыктады.