БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова 2028-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына барат. Бул тууралуу балбан кыз УТРК Спорт каналына маек берип жатып билдирди.
Спортчунун айтымында, азыр анын капчыгында Олимпиаданын алтынынан башка байгенин баары бар.
"Менин спорттук карьерамда бир эле медаль жок — Олимпиада оюндарынын алтын медалы. Калган медалдын баары бар. Ар бир спортчунун Олимпиададан жеңиш менен кайтуу кыялы бар. Азыр менде баары жакшы, шүгүр кылам. Чемпиондук сезим башкача, эч нерсеге салыштыра албайсың. Ошол жеңишти жон териң менен сезиш үчүн кайрадан баргың келет экен", — деди Тыныбекова.
Спортчу Олимпиада оюндарына төрт жолу катышып, бир күмүш жана бир коло медаль алган. Мындан тышкары, ал дүйнөнүн үч, Азиянын алты жолку чемпиону.