БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Газа үрөй учурган гуманитардык кризиске батты, Ливанда дагы кырдаал курч. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Газа тууралуу айтсак, ал жактагы коркунучтуу гуманитардык кризиске күбө болуп жатабыз. Ливанда да абал оор", — деди Песков жакында Израилдин аба күчтөрүнүн Бейруттун түштүгүнө жасаган соккуларына комментарий берип жатып.
Буга чейин Изарилдин коргонуу аскери (ЦАХАЛ) Бейруттун түштүгүндөгү "Хезболла" кыймылынын командалык борборлоруна 12 сокку урганын билдирген.
1-октябрдан бери Израиль Ливандын түштүгүндө "Хезболла" кыймылына каршы операция жүргүзүп, коңшу өлкөнү бомбалоодо. Натыйжада жай тургундар, шиит кыймылынын лидерлери набыт болуп, миллиондон ашуун адамдар качкынга айланган. Жоготууларга карабастан кыймыл салгылашып, Израилдин аймагына ракеталык чабуулдарды токтотпой жатат.
Аскердик кампаниянын негизги максаты катары "Хезболла" кыймылынын бир жыл мурдагы чабуулунан улам эвакуацияланган 60 миң тургундун кайтып келишине шарт түзүү айтылууда.