Радио

Абакиров: өлкөдөгү диний кырдаалга мониторинг жүргүзүлдү

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борборунун директорунун орун басары Кубанычбек Абакиров өлкөдөгү абал иликтөөгө алынып, жыйынтыкталганын билдирди.
Sputnik
Өлкө деңгээлинде мамлекеттеги диний кырдаал изилденип, ага бардык аймактар камтылды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 7 миллион калк жашаган жерде чындыкка дал келген сурамжылоо жүргүзүү үчүн эң аз дегенде 1500 кишиге суроо салуу керек экен. Изилдөө ушул талаптын негизинде жүрдү. Бул тууралуу Кубанычбек Абакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып айтты.
Анын билдиришинче, изилдөөлөрдүн толук жыйынтыгы ушул жылдын декабрь айында жарыяланат.
"Өлкөдөгү диний кырдаалды билүү үчүн атайын республиканын 50дөн ашык шаар жана айылдарын кыдырып сурамжылоо жүргүздүк. Ар бир айылдан 15-20дан жашоочу тандалды. Тургундары көп аймактан көбүрөөк, аз жашаган жерлерден азыраак киши суралды. Изилдөөбүз эки деңгээлде жүргүзүлдү. Биринчиси 52 суроо камтылган жалпы сурамжылоо болду, аны жалпы катышуучуларыбызга узаттык. Ал эми эксперттик бөлүгүндө ошол айылдын участкалык милиционери, мугалим же дарыгери, жергиликтүү диний кызматкерлер сыяктуу респонденттер менен интервью жүргүздүк. Учурда сурамжылоо бүттү. Толук маалыматты декабрь айында чыгарабыз. Бул жакта ар кандай суроолорду камтып, түрдүү жоопторду алдык. Жалпысынан алганда сурамжылоого катышкан кыргызстандыктардын 80 пайыздан ашыгы өлкөдө диний кырдаал туруктуу деген пикирин билдирди. Дагы 80 пайызга жакыны өлкөдө дин тутуу эркиндиги сакталарын айтышты", — деди Абакиров.
Ал кызыккан бардык мамлекеттик ведомстволорго барып изилдөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырып кетүүгө борбордун кызматкерлери даяр экендигин кошумчалады.