Бишкекте төрт каттамдын троллейбусу автобустарга алмаштырылууда

Борбор калаада троллейбустардын ордуна эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап электробустар элди тейлей турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында төрт каттамдын троллейбустары автобустарга алмаштырылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми №4, 5, 8, 10 автобустар ушул номердеги троллейбус каттамы менен жүрөт.
"Троллейбус каттамдарын алмаштырууга жаңы автобус линиялары ишке кирет. Автобустар келген учурда №14 жана №17 троллейбус каттамдары калыбына келтирилет. Учурда троллейбустук автобазаларда электр кубаттоочу түзүлүштөр орнотулуп, капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу троллейбус кыймылы убактылуу токтотулду", — деп жазылган маалыматта.
Троллейбустардын ордуна эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап электробустар элди тейлей турганы кошумчаланды.
Чүйдүн тургундары маршруткалардын Бишкекке кирбей калганына нааразы. Видео