26-ноябрга карата аба ырайы

26-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. 26-ноябрь, шейшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +8...+13, Талас аймагында +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +11...+16, Ысык-Көл облусунда +5...+10, Нарын өрөөнүндө +1...+6 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +8...+10, Ош шаарында +14...+16 градуска чейин жетет.
Бишкекте төрт каттамдын троллейбусу автобустарга алмаштырылууда